"Дельта-Восток" инкассатордук фирманын директорунун өлүмүнүн бети ачылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: инкассатордук фирма
Архив: инкассатордук фирма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инкассатордук фирманын жетекчисине кол салды деп шектелип жаткандар эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин УКМК билдирүүдө.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. "Дельта-Восток" инкассатордук фирмасынын директоруна куралдуу кол салуунун бети ачылганын Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салды деп шектелип жаткандар эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат.

"Аталган топ ири көлөмдөгү акчаларды ташуу менен алектенген фирмаларга куралдуу кол салууга адистешишкен", — деп маалымат кызматы билдирди.

2014-жылдын сентябрь айынын ортосунда Бишкектеги Панфилов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз бирөөлөр күзөтүү агенттигинин директору Николай Гумнов менен аны коштоп жүргөндөргө кол салышкан. Куралдуу кол салуунун кесепетинен инкассатордук фирманын жетекчиси каза болуп, анын агенттигинин кызматкерлери оор жарадар болушкан.

Кол салгандар агенттиктин директору ташып бараткан акчанын жарымы – 1 миллион 770 миң долларды алып, изин жашырышкан. Уурдалган акчалар "Дордой" базарында иштеген жеке ишкерге таандык болгон жана ал каражат Түркиядан товар алууга керектелмек.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, каракчылар кол салгандан кийин акчаларды жана үй-бүлөсүн алып коңшу мамлекетке чыгып кетишкен.

Учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө эл аралык издөө жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0