Москвада Кыргызстандан келген кыздарды зордуктап жүргөн деген шек менен киши кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАрхив: кишен
Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз мекендешерин зордуктап жүргөн деген шек менен кыргызстандык жаран Москва шаарынан кармалды.

БИШКЕК, 31-янв — Sputnik. Кыргызстандан келген кыздарды зордуктап жүргөн деген шек менен кыргыз улутундагы киши Москвадан кармалганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
Элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдиргендей, 13-январда кыргызстандык кыз КР ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиевге арыз менен кайрылган. 16-январда аны зордуктаган деген шек менен кыргыз улутундагы киши кармалган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Москва шаарында иш издеп жүргөн мекендештерине интернет аркылуу кыргыз тилинде жарыя берип турган.

"Кийин аны ишке орношуу боюнча сүйлөшүүгө чакырып, ишенимине киргенден кийин аны бычак менен коркутуп зордуктаган", — деп укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен элчилик билдирди.

Азырынча арыз менен бир гана кыз кайрылган. Бирок, тергөөчүлөр аны ушундай 4 ишке барган деп шекшип жатышат.

Тергөө жүрүүдө. Алдын ала алынган маалымат боюнча кармалган киши Россиянын жарандыгын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0