Эки ымыркайдын өлүгү Улуттук госпиталдын аймагынан табылды

© Фото / Paul PreacherАрхив: упчу.
Архив: упчу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуя боюнча шаардык Биринчи Май районунун ИИБдин ыкчам кызматкерлери бөбөктөрдүн энесин издеп баштады.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Эгиз ымыркайлардын жылтырак баштыкка оролгон өлүгү Улуттук госпиталдын аймагынан табылгандыгын ШИИБдин маалымат кызматы Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына билдирди.

"Балдардын айына жетпей, ара төрөлгөндүгү аныкталды. Болжол менен бөбөктөр, кыз жана эркек, 5-6 айлык болуп жарыкка келген. Биринчи Май районунун ИИБинин ыкчам кызматкерлери экспертиза кылуу үчүн балдарды өлүкканага жеткирди", — деп билдирди аталган маалымат кызматынан. 

Иликтөөлөрдүн алдын ала билдирүүсүнө караганда, бөбөктөр Улуттук госпиталдын аймагында жашыруун төрөтүлүшү мүмкүн. Учурда Биринчи Май районунун ИИБинин ыкчам кызматкерлери бөбөктөрдүн энесин издеп баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0