Ливияда каза болгон кыргыз жарандардын сөөгү мекенине бүгүн алынып келет

© AFP / MAHMUD TURKIAЛивиядагы жардыруу. Архивдик фото.
Ливиядагы жардыруу. Архивдик фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ливиядагы жардыруудан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекенине бүгүн кечинде алынып келүүсү күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Ливиянын борбору Триполи шаарындагы мейманканага кол салуудан каза болгон Кыргызстандын 3 жаранынын сөөгү бүгүн кечинде алынып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ливия: мейманканага кол салуудан Кыргызстандын 3 жараны мерт кетти
Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү учурда Түркиянын Стамбул шаарына алынып келинди.

27-январда Ливиядагы Corinthia мейманканасына болгон кол салуудан бир нече киши мерт кеткен. Каза болгондордун арасында Кыргызстандын үч жараны да болгон. Алар "Манас" аэропортунда орун алган S.Group International компаниясында экөөсү борт коштоочу жана бирөөсү борт инженер болуп иштешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0