Чоң Чүй каналынан ымыркай кыздын сөөгү табылды

Жазылуу
Чоң Чүй каналынын Кант шаары жактагы аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын сөөгү табылды.

БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. Чоң Чүй каналынан жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын сөөгүн тапкан куткаруучулар, аны райондук милицияга өткөрүп беришкенин ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди
Маалыматка ылайык, 15-февралда Кант шаары жактан Чоң Чүй каналында жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын денесин куткаруучу-суучулдар сууда калкып келе жаткан жеринен чыгарып, Ысык-Ата райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда аталган иш боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0