Адвокат: Анапияевдин бир тууган агасы Минск шаарына учуп кетти

Жазылуу
Алмамбет Анапияевдин бир тууган байкеси сөөктүү таануу үчүн Минск шаарына учуп кетти.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун лидери делинген Алмамбет Анапияевдин бир тууган байкеси сөөктү таануу үчүн Минск шаарына учуп кеткенин Анапияевдин адвокаты Жыргал Бабаев билдирди.

Анын айтымында, киши колдуу болуп өлтүрүлдү делинген адамдын Алмамбет Анапияев экендиги даана тактала элек.

"Өлтүрүлгөн кишинин Алмамбет Анапияев экендиги так аныктала элек. Мен деле маалыматтарды интернеттен окуп атам", — деди ал.

Белгилей кетсек, 18-февралда Белоруссиянын Минск шаарындагы Либкнехт көчөсүнөн бизнес класстагы Mercedes унаасынан адамдын сөөгү табылган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн Белоруссиянын укук коргоо органдары билдиришкен. Анын жанынан Шакиров Алмазбек Мийзамович деген жаранга берилген Россиянын паспорту табылган.

Алмамбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусунун Жекенди айылында туулган. 2003-жылы тоноо үчүн сегиз жылга кесилген. Бирок, үч жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2011-жылдын январында ага карата адам уурдоо, каракчылык жана кишини мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча сыртынан айыбы угузулган. Ошондой эле, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Маалыматтарга ылайык, Анапияев акыркы убактарды Бириккен Араб Эмиратында жашап келген.

2012-жылы АКШнын бийлиги аны криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык криминалдык топ уюштурду деп таанып, кара тизмеге киргизилип, мүлкү камакка алынган. 2014-жылы аны Дубайда кармалды деген маалымат тараган. Бирок, аны болгону документтерин тактоо үчүн эле полицияга чакырылганы жана ошол эле күнү кое берилгени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0