"Себат" лицейинин окуучулары стафилококктон ууланган болушу мүмкүн

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токмок шаарындагы "Токмок-Себат" кыздар лицейинде болгон уулануунун чоо-жайы текшерилип жатат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, быштактан стафилококктун таякчалары табылган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Токмок-Себат" кыздар лицейинин окуучулары эртең менен берилген быштактан ууланышы мүмкүндүгүн "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Ислам Иманалиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Башкы директордун орун басары учурда лицейдеги абал менен жеринен таанышып жүрөт.

"20-февралда эртең менен саат тогуздарда балдарга быштак менен сүт берилген. Балдар саат он бирлерден баштап "ичим ооруп атат", "кускум келип атат" деп дарыгерге кайрылышкан. Ошол күнү мектептин жетекчилиги санитардык эпидемиологиялык борбордун өкүлдөрүн чакырган. Алар ашканадагы быштак, сүттөн баштап бардык тамак-аштын үлгүлөрүн анализ үчүн алышкан", — деди ал.

Иманалиевдин айтымында, 20-февраль күнү ууланды деп шектелген 13 окуучу ооруканага алынып барылган. Дарыгерлер аларга жардам көрсөтүп, ошол эле күнү кечки саат жетилер менен окуучуларды жатып дарыланганга негиз жок, ден соолуктары жакшы деп үйүнө жиберишкен.

Учурда ден соолугу начарлап, ооруканада жаткан окуучулар жок экенин айткан Иманалиев, саниэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери текшерүүлөрдү улантып жатканын кошумчалады.

"Биз бүгүн мектепти ачкан жокпуз. Санэпидкөзөмөлдүн адистери мектепти текшерип жатат. Буюрса 2-3 күндүн ичинде мектеп ачылат", — деди ал.

Саниэпидкөзөмөлдүн маалыматы боюнча аталган орто окуу жайы сентябрь айынан бери эч кандай уруксат кагазы жок иштеп келишкен.

"Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Иманалиев бул айыптоого жооп берди. 

"Жаңы мыйзам боюнча мектеп ачылып атканда саниэпидкөзөмөлдөн уруксат албай деле койсо болот экен. Мурдагы мыйзамга ылайык, алыш керек экен", — деди ал.

Токмок шаарындагы аталган кыздар лицейи ишмердигин жүргүзүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинен атайын лицензия алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0