Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Алиев Австриянын түрмөсүндө каза болду

© Facebook / аккаунт Рахата Алиева в facebookБывший казахстанский дипломат Рахат Алиев
Бывший казахстанский дипломат Рахат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2008-жылы мурдатан Казакстандын Австриядагы элчиси болуп турган Рахат Алиев бийликти тартып алуу аракети жана адамдарды уурдоо менен алектенүүчү кылмыштуу топту уюштургандык үчүн өз мекенинде жалпысынан 40 жылга сырттан кесилген болчу.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, экс-дипломат Рахат Алиев Австриянын түрмөсүндө каза болду. Божомолдоолор боюнча, ал өзүн өзү өлтүргөн деп билдирет РИА Новости Рейтер агенттигине таянуу менен.

"Ал өзү жанын кыйды", — деп билдирген агенттикке соттун аты аталбаган өкүлү.

Алиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Даригага үйлөнгөн болчу.

2008-жылы мурдатан Казакстандын Австриядагы элчиси болуп турган Алиев бийликти тартып алуу аракети жана адамдарды уурдоо менен алектенүүчү кылмыштуу топту уюштургандык үчүн өз мекенинде жалпысынан 40 жылга сырттан кесилген болчу. Венанын соту 2001-жылдын июнунда Алиевди Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

2014-жылдын январында болсо Казакстандын прокуратурасы Алиевге жана улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Альнур Мусаевге каршы кылмыш ишин козгоо сунушун берген. Анын максаты оппозициячы Алтынбек Сарсенбаевдин, анын айдоочусу менен күзөтчүсүнүн өлүмүнө аталган адамдардын тиешеси бар-жогун текшерүү болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0