Салянованын күйөөсүнө "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Буга чейин экс-прокурордун күйөөсү Бишкек жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келүү ишинде күбө катары өтүп жаткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Кылмыш жаза кодексинин 116-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгонун Улуттук Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитети (УКМК) Sputnik сайтына тастыктады.

20-январда УКМКнын басма сөз кызматы мурдагы прокурор Салянованын күйөөсүнө Бишкек жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келүү иши боюнча кылмыш иши козголгонун төгүнгө чыгарган болчу. Аталган кылмыш иши боюнча айып Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчисине, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматтын кызматкерине, "Электр станциялары" ААКтын коммерциялык директоруна, Бишкек жылуулук борборунун кызматкерине жана "Жезказган Энергосбыт" компаниясынын өкүлүнө тагылган.

Мекемеден билдиришкендей, 2015-жылдын 5-февралында жабыр тарткан тараптын арызынын негизинде Улуттук мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинин тергөө башкармалыгы тарабынан кызмат абалынан пайдалануу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

"УКМК тарабынан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишти токтотууга жардам берем деп 50 миң доллар акча алган тараптар болгону тергөө маалында белгилүү болду. Ошол эле учурда күбөлөр аталган кылмыш ишине мурдагы прокурор Салянованын күйөөсү Абдыкаровдун тийиштиги бар экенин айтышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Салянованын күйөөсүнө коюлган айыптар боюнча толук маалымат жакында бериле турганын УКМКнын маалымат кызматы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0