Колония №

Акыйкатчы гезиттин башкы редакторун камакка алуу боюнча сот чечимине макул эмес

28
(жаңыланган 15:12 27.02.2015)
Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев Октябрь райондук соту "Учур" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевди камакка алуу чечимин чыгаруу менен БУУнун Башкы ассамблеясынын адам укуктары боюнча эл аралык резолюциясын жана келишимдерин бузду деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Учур" гезитинин башкы редакторун камакка алуу боюнча Октябрь райондук сотунун чыгарган чечими менен Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев макул эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Башкы редактор менен жеке ишкер Самсаалы Четинбаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп, редактор тапанчасын алып чыгып, жеке ишкерди атып салам деп коркуткан. 

КР Кылмыш жаза кодексинин "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жеке ишкердин айтымында, алардын ортосундагы пикир келишпестик журналисттин анын аброюна шек келтирип жазган макаласынан улам келип чыккан. Четинбаев Сартбаевдин үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган.

26-февралда Сартбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, камакка алуу чечими Кылмыш-процессуалдык кодексинин 102-беренесине ылайык, эгер айыпталуучу тергөөнүн жүрүшүнө тоскоол болуп, же качып кетет деген далилдери болгондо гана кабыл алынат.

Ошондой эле, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 103-беренесине ылайык, прокурор же сот 102-беренеде жазылган шарттардан сырткары кылмыш ишинин оордугуна, айыпталуучуга, анын кызматына, жашына, ден соолугуна, үй-бүлөлүк абалына жана башка шарттарды эске алышы керек.

"Октябрь райондук соту журналисттин баш коргоо чарасын карап жатканда жогоруда көрсөтүлгөн шарттарды эске алган эмес деп ойлойм. Райондук соттун Аслан Сартбаеваге карата кабыл алган чечимин улуттук мыйзамдардын жана эл аралык нормалардын негизинде карап чыгуу үчүн жогорку сот органдарына кайрылам", — деди Аманбаев.

Сартбаев жергиликтүү ЖМКларга билдиргендей, ал ишкерди атууга ниеттенбегенин, тапанчадан ок кокусунан чыгып кеткенин айткан болчу.

28
Белгилер:
Акыйкатчы институту, Бактыбек Аманбаев, Самсаалы Четинбаев, Аслан Сартбаев
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

131
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

131
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Бүтүрүүчү кыз мектепте. Архив

Кеминдеги бүтүрүүчү кыздын өлүмү. Министрлик ата-энелерге кайрылды

553
(жаңыланган 16:07 22.06.2021)
Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, киши колдуу болгон кыз токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган адам болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылуу жасап, ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу үчүн балдарына көз салып, аларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Ведомство №1 Кемин орто мектебиндеги 9-класстын бүтүрүүчү кызынын өлүмү боюнча тынчсыздануусун билдирген. Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, ал токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган кыз болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

"Каргашалуу окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылып, балдарды ар кандай кырсыктардан алып калуу үчүн жайкы каникул учурунда аларга тыкыр көңүл бурууга чакырат", — деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда өлтүрүлгөн. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.

Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду.

553
Белгилер:
зордуктоо, өлүм, бүтүрүүчү, Билим берүү министрлиги, Кемин
Тема боюнча
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Май куюп жаткан автоунааны "минип" калган Lexus. Кырсыктан кийинки видео
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду