Рахат Ачылованы жерге берүү зыйнаты 7-мартта кыргыз академиялык театрда болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский национальный академический драматический театр имени Т. Абдумомунова
Кыргызский национальный академический драматический театр имени Т. Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Философия илимдеринин доктору Рахат Ачылова менен коштошуу 7-мартта Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда философия илиминин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Рахат Ачылова жүрөк оорусунан 74 жашында кайтыш болду. Аны менен коштошуу иш-чарасы Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында саат 9:00дө башталат.

Рахат Ачылова 1941-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1966-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын аяктаган.

Көп жылдар боюнча Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтутун ректору, Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.

Ачылова илимий эмгектерин негизинен үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданиятын, изилдөөгө арнаган. 

Анын 150дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган. Анын ичинен 3 монографиясы да жарык көргөн. 2 докторлук жана 11 кандидаттык диссертациянын жетекчиси болгон.

"Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0