Борбордук жылуулук станциясы. Архив

УКМК: Салянованын күйөөсү экинчи кылмыш иши менен күнөөлөндү

53
(жаңыланган 11:44 12.03.2015)
УКМКнын Тергөө башкармалыгы Бакыт Абдыкапаровго Борбордук жылуулук станциясын көмүр менен камсыз кылууда тиешелүү стандарттарды сактабагандыгы үчүн күнөө таккандыгын айтты.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго экинчи кылмыш иши боюнча күнөө тагылып жаткандыгын Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов тастыктады. 

"Ооба, мындай учур болгон. Материалдар менен таанышкандан кийин, кененирээк маалымат беребиз", — деди Сулайманов.

Маалымат кызматынын жетекчисинин айтымында, УКМКнын Тергөө башкармалыгы Абдыкапаровго 2014-жылдын сентябрь айында козголгон кылмыш иши боюнча күнөө таккандыгын айтты. "Электр станциялары" ишканасынын кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн жогорку кызматтагы аткаминерлери Бишкек жылуулук электр станциясын көмүр менен камсыз кылууда стандарттарды сакташкан эмес деп айтты Сулайманов. 

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Абдыкапаров экинчи иш боюнча күнөө тагылып жаткнадыгы маалымдалган. 

Биринчи кылмыш иши 2015-жылдын 5-январында УКМКнын тергөө башкармылыгы тарабынан "Тазалык" мамлекеттик ишканасынан жетекчилигине козголгон кылмыш ишин жаптырууга жардам берем деп 50 миң алган деген күнөө менен козголгон. Абдыкапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча күнөөө тагылган.

53
Белгилер:
кылмыш иши, УКМК, Аида Салянова, Бакыт Абдыкапаров
Тема:
Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши (5)
Пикирлер