Экс-глава кабинета министров Киргизии Феликс Кулов

Кулов Абдыкапаровдун кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

58
(жаңыланган 18:17 12.03.2015)
"Ар-Намыс" фракциясынын башчысы мурдагы башкы прокурор Салянованын күйөөсүнө карата козголгон иш адилетсиз териштирилип жатат деп билдирип, "объективдүү тергөө үчүн" депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын жубайына каршы кылмыш иши адилетсиз тергелип жатат деп билдирди парламенттин отурумунда "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов. 

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Бакыт Абдыкапаровго 2014-жылдын сентябрында козголгон кылмыш ишинин материалдары боюнча күнөө коюлгандыгын билдирген. Өткөн жылдын жайында Абдыкапаров мыйзамсыз пайда табуу максатында башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Джетыбаевдин иш-аракеттерин башкаргандыгын тергөө аныктаган. Өз кезегинде Джетыбаев БПнын атынан "Электр станциялары" ААКга Казакстандын "Жезказган Энергосбыт" компаниясы менен келишим түзүүгө кысмырлаган.

Абдыкапаровдун коргоочусу Тимур Жанаев тергөөнүн версиясы чындыкка туура келбей тургандыгын билдирген. 

Кулов этең менен Аида Салянова менен сүйлөшкөнүн, алар Салянованын күйөөсүнө каршы козголгон кылмыш ишин талкуулашканын билдирди. 

"Мен Салянова менен жолуккандан кийин тыянак чыгардым. Абдыкапаров же прокуратурада иштебесе, же "Электр станцияларында" иштебесе, кантип кызмат абалынан пайдаланган? Анын коргоочусу да адилетсиздик бар деп жатат. Ооба, кылшмыш ишинин объективдүү эместигине байланышкан суроолор көп", — дейт "Ар-Намыс" фракциясынын лидери.

Мындан тышкары, ал калыс тергөөнү камсыз кылуу үчүн өзүнүн фракциясы депутаттык комиссия түзүү сунушун киргизе тургандыгын билдирди. Куловдун айтымында, коррупцияга каршы күрөшкөн прокурор ишинен кеткенден кийин анын артынан таш ыргытылып жатат деген пикир элде калышына жол бербеш керек.

2015-жылдын 5-январында УКМКнын тергөө бөлүмү "Тазалык" МИнин кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин токткотуу маселесин чечүү үчүн айрым адамдар 50 миң доллар пара алган факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондо Бакыт Абдыкапаровго КЖКнын 166- "Алдын ала макулдашуу боюнча топ адамдар жасаган ири көлөмдөгү алдоочулук" беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмү боюнча айып коюлган.

58
Белгилер:
Бакыт Абдыкапаров, Рахат Сулайманов, Феликс Кулов
Тема:
Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши (5)
Тема боюнча
УКМК: Салянованын күйөөсү экинчи кылмыш иши менен күнөөлөндү
Аида Салянованын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы аныкталды
Салянованын күйөөсүнө "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
Пикирлер