Милиция кызматкерин өлтүргөн жаран абакка өмүр бою кесилди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВ Вахитовском районном суде Казани
В Вахитовском районном суде Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абактан качып чыккан Александр Саяпин аны кармоо учурунда милиция кызматкерин атып өлтүргөн.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевди тапанча менен атып өлтүргөн Александр Саяпинге карата сот өкүмү чыкканын Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Александр Саяпиндин бардык мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу өкүмүн кабыл алды.

В Бишкеке погиб оперуполномоченый ГУВД Бакай Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте курман болгон милиция кызматкерин жерге беришти
Ал КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 336-беренесинин (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) 1-бөлүгү, 241-беренесинин (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) 1-бөлүгү, 242-беренесинин (Куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо) 1,2-бөлүктөрү, 340-беренесинин (Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматчысын өлтүрүү), 28-340-беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Буга чейин Саяпин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2014-жылдын 30-июнундагы өкүмү менен ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок, ал абактан 2014-жылдын 12-сентябрында качып чыккан жана издөө жарыяланган.

2014-жылдын 14-ноябрында мас абалында мурунку жубайынын үйүнө келген. Анын мас абалын көргөн мурдагы жубайы милицияга кабар берген. Саяпин ажаткананын ичинен мыйзамсыз катылган "Макаров" пистолетин алып, коңшу дубалдан секирип жашынган. Аны таап алган милиция кызматкерлерине карата ок атып, бир милиция кызматкери каза болгон.

Саяпинди жашырганы үчүн анын кошунасы Наталья Мезина да Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алты жылга эркинен ажыратылган

Жаңылыктар түрмөгү
0