Издөөдө жүргөн диний уюмдун аялдар канатынын лидери Кадамжайда кармалды

Жазылуу
ИИМдин 10-бөлүмү диний радикализмдин алдын алуу боюнча Кадамжайда жүргүзгөн операциянын алкагында, диний уюмдун мүчөлөрүнөн куралдар табылып, издөөдөгү мүчөсү кармалды.

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Баткен облустук ИИБдин 10-бөлүмү Кадамжай районунун аймагынан диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга тиешеси бар кишилердин жашаган жерлеринен жана Рашод Камаловдун жолун жолдогондордон экстремисттик багыттагы материалдарды таап чыкты. Бул аталган бөлүмдүн кара-суулук имам Камаловдун камакка алынып, козголгон кылмыш ишинин жана республиканын түштүк дубандарында алдын алуу жана ыкчам-издөө иштеринин алкагында жүргүзүлгөн. 

Диний мыйзам бузууларга күнөөлөнүп жаткан имамдын жактоочулары сотко нааразы
Экстремисттик уюмдардын активдүү мүчөлөрүнөн конституциялык жана коомдук түзүмдү өзгөртүүгө багытталган радикалдык адабияттар, аны менен кошо эле камакта отурган Камаловдун диний үгүттөрү–насааттары табылып, алынган. Кызыл-Кыя шаарындагы Привокзальная көчөсүндөгү радикалдык-салафисттик багытты карманган кишинин үйүнөн аскердик тапанчалар огу менен жана газ менен иштеген сегиз тапанча алынган. Диний-экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар деген 16 адамдын жашаган жери боюнча ИИМдин 10-бөлүмү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.

Бул иштердин алкагында диний-экстремисттик "Хизб ут-Тахрир" уюмунун аялдар канатынын эки жылдан бери издөөдө жүргөн лидеринин жашаган жайы аныкталып, операциянын жыйынтыгында колго түшүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0