Бала бакча. Архив

Бишкектеги бала бакчанын экинчи кабатынан 4 жаштагы бала кулап кетти

137
(жаңыланган 11:01 24.03.2015)
Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти. "Тез жардам" кызматынан аталган маалыматты ырасташты.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан 113-балдар бакчасынын экинчи кабатынан бала кулап кеткенин окуяга күбө болгон Жыпара Сыдыкова билдирди.

Сыдыкова жерге бир нерсе кулагынан угуп, андан кийин жерде жаткан баланы бала бакчанын кызматкерлери ооруканага алып кетип баратканын көргөн.

"Тез жардам" кызматынан аталган маалыматты ырасташып, баланы ооруканага алып кетишкендиктен, алар окуя болгон жерге барган эмес. Баланын абалы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок. 

  • Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 Баластан бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти.
    Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти.
    © Фото / Диля Юсупова
  • Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 Баластан бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти.
    Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти.
    © Фото / Диля Юсупова
1 / 2
© Фото / Диля Юсупова
Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113 "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынан төрт жаштагы бала кулап кетти.

№113 бала бакчанын жетекчисимин деп өзүн тааныштырган Гүлмира Умбеталиевна окуянын чоо-жайын сураган биздин кабарчыга маалымат берүүдөн баш тартты.

137
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, 113 бала бакча
Коронавируска кабылган бейтап. Архивдик сүрөт

COVID: 119 киши ооруну жуктуруп, үчөө көз жумду. 23-октябрдын маалыматы

81
(жаңыланган 10:29 23.10.2021)
Коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүп жатканы байкалууда. Азыркы тапта Кыргызстанда 130га чукул адам аталган илдет менен ооруп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 119 кишиден коронавирус аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдет менен алышып жаткандардын ичинен 73 адам айыгып кеткен.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 59;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 5;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 2.
"Соңку суткада 3 бейтап каза болуп калды, алардын коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталды. Бул учурларды алганда аталган вирустук инфекциядан көз жумгандардын саны 2650гө чыкты", — деп белгиледи штаб.

Пандемия башталгандан тарта илдет илештиргендердин жалпы саны 180 467ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген.

Азыркы тапта стационарда 663, ал эми амбулатордук шартта 640 адам дарыланып жатканы айтылды.

81
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, жугуу, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бишкекте 15-сентябрдан бери 50 окуучу коронавирус менен ооруду
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

789
Райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси чет өлкөлүк жарандарга паспорт алып берип, ордуна сый акы алып турганы аныкталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.

Задержанный житель Кара-Кульдинского района по подозрению в изготовлении поддельных паспортов
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Факт боюнча Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 330-беренелери ("Паспортту мыйзамсыз берүү") менен сотко чейинки тергөө башталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

789
Белгилер:
кармоо, жасалма, паспорт, шектүү, Кара-Кулжа
Тема боюнча
Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

0
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат