Ош: учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен учакта КРдин футбол командасы болгон

© Фото / ФФКРНациональная сборная Кыргызстана по футболу прилетела в город Ош
Национальная сборная Кыргызстана по футболу прилетела в город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош аэропортунун учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен учак менен футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы да учуп бара жаткан.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Эртең менен Ош аэропортуна катаал аба ырайынан улам коно албай, тилкеден чыгып кеткен учакта футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы да болгонун КР Футбол федерациясынан билдирди.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортуна конуп жаткан учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти
Алар 31-мартта Афганистандын курама командасы менен Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо жолдоштук беттешүү өткөрмөк. 

Учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен учакты аэропорттун кызматкерлери тилкеге сүйрөп чыгып, жүргүнчүлөрдү түшүрүшкөн.

Маалыматка ылайык, 30-мартта болжол менен саат 8:54тер чамасында Ош – Бишкек каттамындагы "Эйр-Манас" авиакомпаниясына таандык учак конуу учурунда аба ырайынын катаалдыгынан улам, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен болчу. 

Эл аралык Ош аэропорту Фергана өрөөнүндөгү ири аба майдандарынын бири, пайдаланууга 1974-жылы берилген. КРдин аймагындагы көлөмү боюнча экинчи аэропорт, жылына 1 миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0