УКМК: мурдагы муфтий Эгембердиевге эл аралык издөө жарыяланган

Жазылуу
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев ири көлөмдөгү салык төлөбөгөн деп айыпталууда.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. КРдин мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевге эл аралык издөө жарыяланганын УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. 

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Казакстанда кармалды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Эгембердиев Казакстанда кармалды
Рахматтула ажы Эгембердиев муфтий болуп турганда ажылык иштерин уюштуруудан түшкөн каражаттан мамлекетке салык төлөгөн эмес деп айыпталган. 2013-жылы ага карата КР Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесине ("Ири көлөмдөгү салык төлөөдөн качуу") ылайык, кылмыш иши козголгон. Бирок ал сот отурумдарына келбегендиктен, эл аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Түштүк-Казакстандын Сарыагаш районунда кармалганы маалымдалган. Эгембердиев Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун жана Казакстандан баш паанек суроого ниеттенип жатканын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0