Куала-Лумпур шаары. Архив

Малайзияда кырсыкта каза болгон кыздын сөөгү КРге алынып келет

118
(жаңыланган 16:26 10.04.2015)
Малайзиянын борборуна жакын жерде 4-апрелде кулаган тик учактан каза болгон кыргызстандык Айдана Байзиеванын сөөгү Куала-Лумпур – Алматы – Бишкек каттамы менен мекенине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Малайзияда тик учак кырсыгынан каза болгон Айдана Байзиева маалыматтарда айтылгандай учкуч болгон эместигин азыркы кырсыкты иликтеп жаткан жергиликтүү полициясы расмий билдирген. Бул туурасында КРдин Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Sputnik маалымат сайтынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

24 жаштагы Айдана Малайзияга 2010-жылдын күз айларында келип, өлкөнүн жогорку үч окуу жайларын которуп окуп, туризм тармагында билим алган. 

"Тик учак кулаган кырсык боюнча өтө дыкат иликтөө иштери жүргүзүлүп, аны өлкөнүн коомчулугу күтүп, көз салып турат. Каза болгондордун арасында 20 жылдан ашык депутат болуп жүргөн мамлекеттик кызматкер жана өкмөт башчысынын эң жакын адамы, жардамчысы болгон. Малайзия премьери бул кырсыкты ийне-жибине чейин иликтөөгө тапшырма берген. Алардын арасында Айдананын болуп калышы коомчулукта ого бетер суроо жаратты", — деди элчи Кылычбек Султанов.

Кырсыкты иликтеген топтун алдын ала билдиргенине караганда, биздин мекендешибиз тик учактын расмий пилоту болгон эмес.

"Жергиликтүү полициянын алдын ала маалымат катары кабарлаганына караганда, анын (Айдана Байзиева – ред.) учкучтук кесиби болгон эмес. Териштирүү иштеринде, полиция тик учакта Айдана расмий пилот болгон деген версияны четке кагып жатат. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө биздин элчиликтин кызматкери — элчинин кеңешчиси алар менен байланышып, такташып, маалымат алмашып иштешип жатат", – деди Султанов.

Элчи Султанов маркумдун аталаш эжеси Малайзияда жашаарын, жүк — 200дү жөнөтүү жана уюштуруу чыгымдарын ал өзү көтөргөндүгүн айтты. Сөөктү жөнөтүүдө Малайзиядагы кыргызстандыктардын диаспорасы да көмөк көрсөтүп, ал эми элчилик укуктук, документалдык жактан зарыл болгон жардамды бергендигин кошумчалады. 

2015-жылдын 4-апрелиндеги кырсыкта Малайзиянын премьер-министринин кызы менен казакстандык жарандын үйлөнүү тоюнан келе жаткан жергиликтүү чиновниктер жана чет элдик жарандар каза болуп, пилоттун бири кыргызстандык жаран Айдана Байзиева деп маалымдалган.

118
Белгилер:
диаспора, Кылычбек Султанов, Айдана Байзиева, Малайзия
Тема боюнча
Малайзияда авиа кырсыкта каза болгон кыздын сөөгү кайда коюлары азырынча белгисиз
Баткендеги дөңгөлөгү жарылып кетип жол кырсыка түшкөн унаа

Унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Баткендеги жол кырсыктан бир киши каза тапты

101
(жаңыланган 16:06 16.06.2021)
ӨКМден билдиришкендей, ВМW үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен. Каза тапкан киши Өзбекстандын 43 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир киши каза таап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Автомашина марки БМВ опрокинулась на бок из за взорванного колеса, в селе Жаны-Чек, Кадамжайского района на 158 км автодороги Ош-Баткен-Исфана. 16 июня 2021 года
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Баткендин Кадамжай районунда жол кырсыктан бир киши каза таап, эки адам жаракат алды

Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 158-чакырымында болгон. Билдирүү алгач Тез жардам кызматына түшкөн.

"ВМW үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен. Анын ичинде төрт эркек киши отуруп бараткан. Бир адам ошол жерден каза тапты, ал Өзбекстандын 43 жаштагы тургуну экени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган эки киши Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылган.

101
Белгилер:
дөңгөлөк, унаа, өлүм, жол кырсык, Кадамжай, Баткен
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт
Ноокенде бензовоз оодарылып, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Сүрөттөр
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Новосибирск жарылуу болгон автогаз куюучу жайы

Кыргызстандыктар жабыркаган жарылуу: Новосибирскиде АЗСтин директору кармалды

113
(жаңыланган 17:40 16.06.2021)
14-июнда аталган калаада автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.

113
Белгилер:
камоо, директор, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады