Ымыркай. Архив

Майлуу-Суу сайына кичинекей бала үйүнөн чыккандан кийин чөгүп кеткен

32
(жаңыланган 12:32 16.04.2015)
4 жаштагы өспүрүм сайдын аркы өйүзүндө жашаган чоң атасыныкына барам деп, сууну кечип баратып агып кеткен.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баланы бакчадан үйүнө эжеси алып келген. Эжеси тамак жасап атканда сыртка ойнойм деп чыгып кеткен. Сайдын аркы өйүзүндө чоң атасы жашайт. Ошол жакка өтөм деп сууну кечип баратып агып кеткен. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Малабеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 13-апрель күнү кечки саат 18-00дөр чамасында 2011-жылы туулган Мыктыбек Мамаджанов бала бакчадан чыгып, Майлуу-Суу сайына түшүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирген болчу.

Малабеков ошондой эле, учурда сайга суу кирип жаткандыктан көпүрөнү суу алып кеткенин кошумчалады.

Милициянын маалыматына ылайык, баланын туугандары күнөө өздөрүндө экенин айтып, башкаларга доосу жоктугун билдиришкен.

32
Белгилер:
Алмазбек Малабеков, Майлуу-Суу, Жалал-Абад
Пикирлер