Чек арачылар Баткендин Эгиз-Талаасынан эки снаряд табышты

© Фото / пресс-служба ГПС КРЧек арачылар Баткендин Эгиз-Талаасынан эки снаряд табышты
Чек арачылар Баткендин Эгиз-Талаасынан эки снаряд табышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун Эгиз-Талаа аймагынан эки снаряд табылып, аймак курчоого алынып, тийиштүү органдарга кабар берилди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чек арачылар жарылбай калган 122чи калибрлүү эки снарядды табышканын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Снаряд табылган Баткен облусунун Эгиз-Талаа аймагы курчоого алынып, тийиштүү органдарга кабар берилди.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, табылган снаряддар 1999-жылдагы Баткен окуялары маалында калып калган болушу ыктымал. Ал жылы өлкөнүн аймагына кирип келген согушкерлерды жок кылуу операциясы жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0