Тапанча. Архив

ИИМ: Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү өлтүрүлдү

93
Милициянын маалыматында, окуя болгон жерде ок табылып, жарадар болгон эркек киши оорукана жеткирилгенден кийин көз жумган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаада уюшкан кылмыш топтун биринин мүчөсү Дамир Сапарбеков өлтүрүлдү деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынан.

27-апрелде саат болжол менен 23:30дар чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынынын "102" бөлүмүнө Жал кичи районунда болгон атышуулар туурасында маалымат келип түшкөн.

Милициянын маалыматында, окуя болгон жерден ок табылып, андан жарадар болгон эркек киши аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган. 

"Белгисиз адамдар Талас облусунун Манас районунда 1979-жылы туулган Сапарбековго кол салыган. Алдын ала маалыматтар боюнча бет кап кийген белгисиз эки адам Сапарбековду үйүнүн жанынан күтүп туруп, ал автоунаасынан түшүп, эшикке жакындаганда беркилер чыга калып, ок чыгарышкан ", — деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан. 

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын маалыматында, Сапарбеков кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, буга чейин бир нече ирет соттолгон, крим дүйнөдө (№1 СИЗО) "положенец" болгон. Абактан эки ай мурда чыккан. 

Sputnik маалымат сайтынын булактарынын айтымында, ал крим дүйнөнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун мүчөсү болгон. 

Оперативдүү иштердин аркасында, Сапарбековдун өлүмүнө шектелген адам кармалып, анын ким экендиги такталып, ал эми экинчиси качып кеткенге үлгүргөн. Окуя болгон жерден тапанча, октор жана бет кап табылган. Ишти ИИМдин тергөө башкармалыгы иликтөөгө алып, кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

93
Белгилер:
кылмыш тобу, атышуу, Камчы Көлбаев, Дамир Сапарбеков