Бишкек – Ош жолундагы жол кырсыктан КР жараны жана Тажикстандын төрт жараны каза болду

© Фото / пресс-служба МЧСБишкек – Ош жолундагы жол кырсыктан КР жараны жана Тажикстандын төрт жараны каза болду
Бишкек – Ош жолундагы жол кырсыктан КР жараны жана Тажикстандын төрт жараны каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү саат 13:35 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 471-чакырымында (Кудук-Сай участкасы) жол кырсыгы катталып, "Ауди-100" (мам. № S50 75 О) үлгүсүндөгү автоунаа менен "Ауди С4" (мам. № Б 18 75 J) автоунаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек – Ош жолунда катталган жол кырсыктан Тажикстандын төрт жараны жана Кыргызстандын бир жараны каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билирди.

Тоодогу унаа жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кырсыктан каза болгон беш адамдын арасында балдар бар
Дүйшөмбү күнү саат 13:35 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 471-чакырымында (Кудук-Сай участкасы) жол кырсыгы катталып, "Ауди-100" (мам. № S50 75 О) үлгүсүндөгү автоунаа менен "Ауди С4" (мам. № Б 18 75 J) автоунаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Каза болгондордун арасында буга чейин маалымдалгандай балдар жок.

"Ауди С4" автоунаасын Таш-Көмур шаарчасынын тургуну Кылычбек Суранкулов айдап бараткан. Айдоочу менен эки жүргүнчү – Назгүл Суранкулова (1984-ж.т) жана Өскөнбай Эламан уулу (2010-ж.т) Шамалды-Сай ооруканасына жеткирилген, учурда абалдары жакшы.

"Ауди-100" маркасындагы автоунаанын ичинде айдоочусу менен беш адам болгон. Бешөө тең окуя болгон жерде каза болгон.

Алар:

  • Автоунаанын айдоочусу: Рахманбердиев Жоробай — Баткен облусуна караштуу Баткен районун Базар-Башы айылынын тургуну.
  • Тарбалантова Бабихатик Абдирашидовна 1964-ж.т;
  • Радзапова Санобар Мехимовна 1969-ж.т;
  • Сафарова Саодат Мехимовна 1960-ж.т;
  • Намазова Бибисора Мелибаевна 1964- ж.т Тажикстандын тургундары.

Каза болгон адамдардын сөөктөрү Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0