Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал болуп, бир КР жараны каза тапты

© Фото / Auntie PЗым менен оролгон чек ара жайы. Архив
Зым менен оролгон чек ара жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыр-чатак такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Согмент айылынын четиндеги Какыр жергесинде болгон.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Шейшемби күнү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатак болуп, Кыргызстандын бир жараны каза таап, экинчи жаран Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалганын КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чыр-чатак такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Согмент айылынын четиндеги Какыр жергесинде болгон. Алдын ала маалыматтарга Караганда, Кыргызстандын үч жараны "Мерседес-Бенц Гигант" жүк ташуучу унаалар менен текшерип өткөрүү жайынан тышкары жерден Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылышкан. 

Чек ара. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: издөөдө жүргөн жаран чек арадан кармоо маалында жаңжал салды
Өзбек тараптын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын чек ара кезметинин "токтогула" деген талабына баш ийбей, өзбек чек арачылары аларга карата курал колдонушкан. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир жараны жарадар болуп, кийинчерээк Сох айылында кайтыш болгон. Экинчи кыргызстандык өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, үчүнчү жаран окуя болгон жерден Кыргызстандын аймагына качып кеткен. 

Кыргызстандын кармалган жаранына карата өзбек тарап тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы тапта Сох анклавынын аймагында бул окуянын себептерин жана анын жагдайын териштирүү боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0