БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковдун айтымында, андан атасы аркылуу өч алуу үчүн кармашкан. Бирок, муну башкы прокуратура четке какты.
Кубанычбек Самаков башкы прокуратуранын белдүү кызматкерлеринин акча талап кылышы боюнча көрсөтмөнү өзгөртүү боюнча телефон чалуулар болгондугун айтты
"Башкы прокуратурада иштеген жогорку кызмат адамынын акча талап кылуусу боюнча көрсөтмөңдү өзгөртпөсөң атаңа же жакын туугандарыңа карата башкача чараларды көрөбүз деп телефон чалуулар болду", — деди Кубанычбек Самаков.
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Санжар Абжалов бул күнөөлөө чындыкка дал келбегендигин, айтып, Кубанычбек Самаковдун айткандарын четке какты.
"Кубанычбек Самаковдун сөздөрү курулай күнөөлөө, андыктан чындыкка дал келбейт", — деди Абжалов
Депутатка Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси, Коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталга көзөмөлдөөчү органдын билдирүүсүндө, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алгандыгы туурасында айтылат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.