Депутат ЖК КР Карганбек Самаков в пресс-зале ЖК

Самаковду Октябрь райондук соту 2 ай үй камагына алууга чечим чыгарды

424
(жаңыланган 17:29 19.05.2015)
ЖКнын депутаты Карганбек Самаков соттун чечими менен эки ай үй камагына алынды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 15-майда камакка алынган депутат Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасы боюнча караган Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту аны 2 ай үй камагына алууга чечим чыгарды. 

Сотто Абир Шагивалиев төрагалык кылды. Самаков буга чейин соттолбогондуктан жана Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Сот ошондой эле, Самаков убактылуу кармоо жайына алынып келгенде, кан басымы 220га 120 болгонун аныктаган УКМКнын медициналык кызматынын маалымкатына таянган. Андан сырткары Жогорку Кеңештин сегиз депутаты Самаков чыгарылсын деген сунушка кол коюп беришкени кабарланууда.

Карганбек Самаков Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деген шек менен 15-майда кармалган. Ага Кылмыш Жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган. Эл өкүлүнө кармалгандан тартып, 48 саат өткөнгө чейин баш коргоо чарасы каралышы керек. Анын мөөнөтү жекшембинин, 17-майдын кечинде бүтмөк.

Самаков Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген. Бирок, ал 2014-жылдын аягында андан чыгып, өзүнүн партиясын түптөгөндүгүн айткан. 

Ал КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын (ПАА) Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары. 

424
Белгилер:
Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
Башкы прокуратура Карганбек Самаковдун кылмыш иши боюнча кенен маалымат берди
Самаковдун жактоочусу ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт
Самаковду кантип кармашкандыгын анын жактоочусу айтып берди
Эркек адамдын колу. Архив

Ташкентте беш студент белгисиз затка ууланып каза болду

77
(жаңыланган 17:55 28.02.2021)
Көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.

"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.

77
Белгилер:
уулануу, өлүм, студент, Ташкент, Өзбекстан
Тема боюнча
Өрт чыккан үйдөн чиедей беш бир тууган көз жумду. Казакстандагы жүрөк тилген окуя

Сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, күрөшүп, айласын кетирген аял. Видео

713
(жаңыланган 12:11 28.02.2021)
Австралияда улгайып калган аял колунан сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, оокатын кайра тартып алган. Шектүү менен аялдын сумка талашкан жери видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.

Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.

Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.

"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.

Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.

713
Белгилер:
видео, сумка, тоноо, уурулук, аял, Австралия
Тема боюнча
UFC президенти ууру менен мушташа кеткен сатуучу аялга иш сунуштады. Видео
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

0
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт