Токмок шаарында чыккан өрттү сегиз саат өчүрүштү

© Талант Ибраимов"Кубат" акционердик коомунда чыккан өрт
Кубат акционердик коомунда чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоонун айынан чогулуш залынын 80 чарчы метр полу жана эки бөлмөдөгү тиричилик техникасы толугу менен өрттөнүп кеткен.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Токмок шаарында катталган ири өрттү өчүрүүгө сегиз саат кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

© Талант Ибраимов"Кубат" акционердик коомунда чыккан өрт тууралуу кабар шейшемби күнү таңкы саат 05.01 чамасында келип түшкөн.
1/3
"Кубат" акционердик коомунда чыккан өрт тууралуу кабар шейшемби күнү таңкы саат 05.01 чамасында келип түшкөн.
© Талант ИбраимовӨрт өчүрүүчүлөр от алган кырсык жайда.
2/3
Өрт өчүрүүчүлөр от алган кырсык жайда.
© Талант ИбраимовӨрт толугу менен түш ооп калганда саат 12.55терде өчүрүлгөн.
3/3
Өрт толугу менен түш ооп калганда саат 12.55терде өчүрүлгөн.
1/3
"Кубат" акционердик коомунда чыккан өрт тууралуу кабар шейшемби күнү таңкы саат 05.01 чамасында келип түшкөн.
2/3
Өрт өчүрүүчүлөр от алган кырсык жайда.
3/3
Өрт толугу менен түш ооп калганда саат 12.55терде өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, "Кубат" акционердик коомунда чыккан өрт тууралуу кабар шейшемби күнү таңкы саат 05.01 чамасында келип түшкөн. 

"Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү машина барган. Тилсиз жоонун кесепетинен ишкананын шифер жабылган 250 чарчы метр чатыры, ичиндеги эмеректери менен эки бөлмө, чогулуш залынын 80 чарчы метр полу күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт толугу менен түш ооп калганда саат 12.55терде өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби териштирилүүдө. Жабыр тарткандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0