БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Шейшемби күнү өзбек чек арачыларынын огу эки жаранды жабыркатып, биринин колуна, экинчисинин жамбашына тийген. Бул туурасында Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Абдырасул Жаныбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.
Башкы дарыгердин айтымында, ооруканага айдоочу жана эки жүргүнчү алынып келген. Алардын бири колунан, экинчиси жамбашынан жарадар болгон.
"Жабыр тарткандардын бирөөсүнүн жараты жеңил болгондуктан, барып келип дарылануу үчүн чыгардык. Экинчиси болсо ооруканада. Учурда абалы дурус", — деди ал.
Алынган маалыматта Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасында сапар тартып бара жаткан.
Транзиттик жолдо бара жаткан автоунааны токтогонго укугу жок деген эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылына бараткан жолдо токтоп, эки аялды – Кыргызстандын жарандарын өз автоунаасына олтургузган. Муну көргөн Өзбекстандын чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын эки жараны жаракат алышкан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алтын-Ордо конушунун 7-көчөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө саат 13:00дө бир бөлүм тартылса, 13:11де экинчи бөлүм жөнөп кеткен.
Өрттүн себеби белгисиз. Кошумча маалымат берилет.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.