Бычак кармаган киши. Архив

Депутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты

328
(жаңыланган 12:30 20.05.2015)
Жогорку Кеңештин депутаты эки жума мурун Россиянын Свердлов облусундагы токойлордун биринде кыргызстандык эки кызды кескилеп өлтүрүп, асып кетишкенин айтты.

БИШКЕК, 20 мая — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев Россиянын Свердлов облусунда кыргызстандык эки кыз өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, кыздарды токойго алып барып, кескилеп өлтүрүп, асып кетишкен.

"Кыздардын ким экени аныкталбагандыктан, аларды көмүп салышкан. Азыр алардын атасы кыздарынын сөөгүн алып келе албай ыйлап жүрөт", — деди ал.

Осмоналиев ошондой эле, бул окуянын чоо-жайын иликтөөнү Екатеринбургдагы консулдукка тапшыруу керектигин баса белгиледи.

328
Белгилер:
миграция, мигранттар, Каныбек Осмоналиев, Россия
Тема боюнча
Милиция кызматкерин өлтүргөн жаран абакка өмүр бою кесилди
Кулукеева: мигрант аялдар бала төрөөдөн коркот
Быйыл мигранттардын өлүмү көп катталган
Кыргызстандын Россиядагы элчилигин имараты. Архив

Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт

42
(жаңыланган 18:49 28.09.2020)
Кырсык маалында жумушта болгон 160 кыргызстандыктын 51и жабыркаган. Учурда 29 мекендеш ооруканада жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта элчиликтин кызматкерлери ФМ LOGISTIC ишканасынын жетекчилери менен жолугуп, мекендештерге материалдык колдоо боюнча макулдашылганы айтылат.

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык маалында 160 кыргызстандык жумушта болгон, анын 51и жабыркаган. Бүгүн айрымдары үйүнө чыгып, учурда 29 мекендеш ооруканада жатат. Тилекке каршы, бешөөнүн абалы оор, алардын бири 16 жаштагы өспүрүм.

"Кырсыктан жабыркаган бардык КР жарандарына камсыздандыруу компаниясы медициналык чыгымдарын жана реабилитацияга кеткен каражатты төлөйт. Кырсык болгон күнү жумушка чыккан 160 мекендешке ФМ LOGISTIC компаниясы 50 миң рублден кенемте берет. Ошондой эле оор абалдагылардын жакындары келем десе учакка билет алып берүүгө даяр. Бардык макулдашуулар компаниянын кепилдик катына жазып алынды. Элчилик кыргызстандыктардын укугун коргоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, кыргыз жарандары жабыркаган. Каза болгондор катталган эмес.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууну сурап атайын каттарды жибергени кабарланды. Бул маселени кыргыз өкмөтү жеке көзөмөлүнө алды.

42
Тема боюнча
Акыйкатчы кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча россиялык кесиптешине кат жазды
Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Кызы менен чогуу бычакталган киши реанимациядан палатага которулду

130
(жаңыланган 16:22 28.09.2020)
Түн ортосунда үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 26-сентябрда 02:50лөр чамасында аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Милиция үлпөт тоюнда тапанчадан ок чыгарган күйөө баланы Кара-Балтадан тапты

"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

130
Белгилер:
абал, оорукана, жаракат, өлүм, каракчылык, Чүй облусу
Тема боюнча
Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти
51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Карабахтагы Мартуни шаары чырдан кийинки абалы

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

40
(жаңыланган 20:00 28.09.2020)
27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Бүгүн жүздөгөн аскерлердин көз жумганы айтылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган Карабахтагы кагылышуу боюнча пикирин айтып жатып, Армения Азербайжандын жерин оккупациялоо аракетин токтотушу керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Армения баскынчылыгын токтотушу зарыл, антпесе ал жерде өз билгенин кыла берет. Талашта турган аймак Азербайжанга караштуу экенин баары билет”, — деди Эрдоган.

Ошондой эле Түркия лидери Карабах көйгөйүн Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында 30 жылдан бери чече албай жатат деп айыптады.

Ал эми РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко дүйнөдөгү башка күчтөрдү Карабахтагы конфликтиге кийлигишпөөгө чакырды

“Болуп жаткан тирешке башка тараптардын кийлигишпөөсүн суранат элек. Андан көрө курал колдонууну токтотуп, маселени ЕККУнун Минск кеңешмесинин алкагында чечүүгө үндөйлү”, — деди Матвиенко.

Бул учурда Армения менен Азербайжандын ЖМКлары эки тараптан жасалган чабуулдарды чагылдырып, сүрөт, видеолорду байма-бай жарыялап жатышат.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Баку менен Ереван Карабахтагы кагылышууда жүздөгөн аскер каза болгонун билдирди

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

40
Белгилер:
пикир, кагылышуу, Азербайжан, Түркия, Армения
Тема боюнча
Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты
Азербайжан менен Армения Карабах боюнча кепке келүүгө даярдыгын билдиришти
Карабах боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталышы мүмкүн