Салык төлөбөгөн компаниянын айынан бюджет 1,2 млн. сомдон ашуун каражаттан куру калды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүБюджет салык төлөбөгөн компания үчүн 1,2 млн сомдон ашуун каражаттан куру калды
Бюджет салык төлөбөгөн компания үчүн 1,2 млн сомдон ашуун каражаттан куру калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЭККМК тергөө бөлүмү тарабынан компанияга карата салык төлөөдөн четтөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Бишкекте Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан "Делун" компаниясынын салык төлөөдөн четтөө фактысы аныкталды. 

Мамлекеттик салык кызматында тейлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК чогултууларды көбөйтүп, салык маданиятын жогорулатууну көздөөдө
Аты аталган ЖЧКнын жетекчилиги салык отчетторун тапшырбагандыктан, 1,2 млн. сомдон ашуун каражат КР бюджетине түшпөй калгандыгын ЭККМКнын маалымат кызматы билдирет.

Салык кызматынын текшерүүсүнөн кийин "Делун" компаниясына жалпы суммасы 1 миллион 254 миң сом салык төлөө милдеттендирилди.

ЭККМК тергөө бөлүмү тарабынан компанияга карата салык төлөөдөн четтөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0