Ахматбек Келдибеков в пресс зале

Келдибековдун сотунда парламентарийлер көрсөтмөсүн анын пайдасына беришти

111
(жаңыланган 13:52 25.05.2015)
Бишкек районунун Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаттары экс-спикер Келдибековдун иши боюнча сурак беришти.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. 20-майда айыпталуучулар Ахматбек Келдибеков жана Бактыгүл Аманалиевага карата козголгон кылмыш иши боюнча көбү катары сурап берген депутаттар экс-спикердин иши мыйзамдуу болгон деген маанайдагы көрсөтмө беришти. Эмки сот иши 26-майда уланат. 

Сотто негизги күбөлөр Паязов, Ашимов, ал эми кошумча күбө катары Жогорку Кеңештин депутаттары Талантбек Узакбаев, Ыргал Кадыралиева, Хаджимурат Коркмазов, Дастан Бекешев сурак беришти. Бул туурасында Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. 

Узакбаев парламентте Москвада ЖКнын атайын өкүлчүлүгүн түзүү аракетинин мыйзамдуулугун текшерген атайы комиссия түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, комиссия иликтөө иштеринин натыйжасында өкүлчүлүк түзүү боюнча Токтом мыйзамдуу экенин, анда каржылык тартип бузуулар аныкталбаганын, ЖК регламенти бузулбаганын жана спикер катары Келдибеков мыйзам чегинде иш алпарганын тастыктаган Токтом Башкы прокуратурага берилген. 

Депутат Кадыралиева Токон Мамытовдун сунуштамасы менен комиссиянын Токтомуна "макул" деп добуш бергендигин, иш чарага өкмөттүн ошо кездеги өкүлү Данияр Нарынбаев, президенттин өкүлү Аида Салянова дагы катышкандыгын маалымдаган.

Коркмазов ЖКнын Атайын өкүлчүлүгүн Москва шаарында түзүү жөнүндө Токтому депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынгандыктан, мыйзамдуу болгондугун айткан.

Ал эми Бекешовдун билдирүүсүндө, Москва шаарында өкүлчүлүк ачуу жөнүндөгү Токтом добуш берүүнүн негизинде чыккан жана төрага Келдибеков тарабынан депутаттарга эч кандай кысым болбоптур. Эл өкүлү ошону менен бирге Токтомго өкмөттүн өкүлү тарабынан да эч кандай каршылык болбогонун билдирген. 

111
Белгилер:
Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, Бактыгүл Аманалиева, Ахматбек Келдибеков
Тема боюнча
Сот Келдибековду үй камагында калтырды
Салянова депутат Келдибековдун соттук иши адилет болоруна ишеним артат
Баш прокуратура Келдибековду №1 убактылуу абак жайына отургузуу ниетинде
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

63
(жаңыланган 12:30 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

63
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков. Архив

Женгенбеков: Дача СУ кырсыгында элдин ынтымагы көзгө жаш алдырды

10
(жаңыланган 12:25 16.01.2021)
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков 2017-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушунда болуп өткөн кырсык тууралуу эскерди.
Женгенбеков: Дача-СУ кырсыгында элдин ынтымагы көзгө жаш алдырды

Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.

"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.

Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.

Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.

10
Белгилер:
куткаруучу, ӨКМ, кырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Карта ойноп жаткан адам. Архив

Инимди кумар оюндарынан кантип чыгарам. Бир тууганы санаага салган аялдын каты

0
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.

Сиздерге психологдун кеңешин алуу үчүн кайрылып жатам. Менин да 35 жаштагы бир тууган иниме байланыштуу көйгөй жаралууда. Иним шаар жеринде турат. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болсо да жаман адаттын артынан түшүп алып, аялын эле эмес бизди да түйшүккө салууда. Мындан жети жыл мурун үйлөнгөндө бир туугандар чогулуп, борбордон мейманкана тибиндеги бөлмө алып бергенбиз. Азыр ошондо турушат. Андан бери эч ирденбей койду. Келинибиз тигүүчү болуп иштеп, балдарынын окуусуна, тамак-ашына, күнүмдүк жашоого акча таап жүрөт. Кийим-кечектерине биз жардам беребиз. Аялы кетип калбаса экен деп сарсанаабыз. Анткени бир тууганыбыз үйдүн кожоюну катары жумушта иштеп акча таппайт. Тактап айтканда, акыркы 3-4 жылдан бери такыр эле бекерчиликке көнүп алды. Мурда мектепте иштечү, кийин таксист болуп жүрүп кырсыкка кабылып машинасын сатты. Ошондон бери эле өзгөрдү. Кумар оюндарына кандайча, ким аркылуу кызыгып кеткени белгисиз. Айланасы ошондой болуп жатабы, айтор, жоро-жолдоштору менен үйлөргө барып мелдешип карта ойнойт экен. Футболду да акчага мелдешип ойношорун уктум. Өзүнөн сурасак ачылып айтпайт. Жакшыраак жумуш издеп жатканын айтып кутулат. Мектептен жумуш таап берсек, айлыгы аз деп көңүлдөнбөйт. Жок дегенде кароолчу болуп бир жерге орношуп алса деле жакшы болот эле. Эмне ойлоп жүргөнү белгисиз.

Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.

Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.

0
Белгилер:
жигит, кумаркана, Гүлнара Жасоолова, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты