ИИМ: мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 227 тергөө иши башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту
Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министринин орун басарынын айтымында, 4-5 ирет паспорт алгандар бар жана ал үчүн берилген паранын көлөмү 1,5 миң долларга чейин жеткендиги аныкталган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Учурда Кыргызстанда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 227 тергөө иши башталып, 11 адам камакка алынды. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда мыйзамсыз берилген 30 миӊ паспорт тууралуу маалымат берип жатканда билдирди. 

Анын айтымында, тергөө иштеринин арасында бир нече жолу паспорт алгандар бар жана ал үчүн берилген паранын көлөмү 1,5 миң долларга чейин жеткендиги аныкталган.

"Алардын арасында 4-5 жолу паспорт, 2-3 жолу пин-код алган адамдар бар экен. Тергөөнүн жүрүшүндө алар 200 доллардан 1,5 миӊ долларга чейин пара бергени аныкталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Шаикова мыйзамсыз берилген паспорттор 40 миӊден ашканын, 7 миӊден ашык киши пин-кодун алмаштырганын тастыктады. Мындай жагдай кылмышкерлерди издеп табууну кыйла татаалдаштырууда", — деди Сатывалдиев. 

Сот балтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот 300 миң доллар алды деп алдамчылыкка шектелген аялды бошотуп жиберди
Фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт өкүлдөрүнө жарандык паспорттон пин-кодду алып салуу боюнча сунуш киргизди. "Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы "акчалуу" жерди талашып жатканын түшүнүп турабыз. Бирок эки мекеменин өз ара тирешинен жөнөкөй жарандар жабыр тартпашы керек. Паспорт берүү укугун кимге ыйгарат – аны парламент менен өкмөт чечет", — деди ал.

Депутат ар кандай шылтоолор менен жарандардын паспортун алып, чет өлкөгө чыгарбай койгон жосунду токтотуш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0