Эгинбаева: АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракеттенүүдө

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин 65 жаштагы атташеси Грэд Мери Луиз катышкан жол кырсыгы жөнүндө маалымдап, тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Жол кырсыгына Америка элчилигинин өкүлү себеп болгонун жол кайгуул кызматы каттоого алган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Американын элчилиги атташе Грэд Мери Луиз катышкан жол кырсыгын жабууга аракет кылып жатканын жабыр тарткан жүргүнчү Динара Эгинбаева Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Бишкек шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин 65 жаштагы атташеси Грэд Мери Луиз катышкан жол кырсыгы жөнүндө маалымдап, тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Жол кырсыгына Америка элчилигинин өкүлү себеп болгонун жол кайгуул кызматы каттоого алган.

АКШ мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгы боюнча комментарий берди
Жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, учурда аталган факты боюнча иш мекеменин административдик иликтөөсүнө алынган жана тактоо иштери жүрүп, окуянын чоо-жайы текшерилүүдө.

Жабыр тарткан жүргүнчү Эгинбаева окуя кандай болгону боюнча өз пикирин билдирди. 16-майда болжол менен кечки саат 21.00дөрдө иниси менен Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги автотыгында турушкан. Бул күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтында Энелер күнүнө карата концерт болгонун Эгинбаева эскертет.

Анын айтымында, алар Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаасы менен "Рубин" дүкөнүнүн жанында турганда,ак түстөгү Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү дипломатиялык D 01 88 номерлүү автоунаа  артынан келип сүзгөн.

"Биз башында бул автоунаа кайсы элчиликке тийиштүү экенин билген эмеспиз. Рулда чет элдик аял отуруптур, анын жанына барганда ал англисче бир нерселерди айтып урушуп атты. Аял мас болчу, эмне деп жатканын билген жок. Андыктан иним кыймылды жөндөп аткан Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине барып, болгон окуяны каттагыла деп өтүндү", — деди Эгинбаева.

Жабыр тарткан Эгинбаеванын айтымында, дипломатиялык автоунаада отурган аял өзүн өтө агрессивдүү кармаган. Ал "I will push" (Түртүп салам— англ), деген сөздү кайталап, кичине артка жылып, дагы бир жолу автоунааны сүзүп салган. Жолдун кесилишиндеги автотыгын жөнгө салынгандан кийин дипломатиялык номерлүү машина окуя болгон жерден кетип калган.

"Жолдун кесилишинде турган Жол кайгуул кызматы эч кандай чара көрүшкөн жок. Окуя болгондон кийин "102" номерине чалдык, андан кийин шаардык МАИга барып арыз жаздык. Дүйшөмбү күнү шаардык ИИББге чакырышып, бизди сүзгөн автоунаа АКШнын элчилигине таандык экенин айтышты. Сүрөттөрдү көрсөткөндө биз айдоочуну тааныдык. Бизге аялдын дипломатиялык картасын көрсөтүштү. Ал элчиликте атташе кызматында иштеген Грет Мэри Луиз деген аял экен", — деди Эгинбаева.

Жабыр тарткан Эгинбаева ошондой эле, бир жумадан бери көрсөтмө берүүгө барып жатканын айтып, бирок Американын элчилиги тарабынан эч ким келбей жатканын кошумчалады. Ал элчиликке телефон чалган, алар өз өкүлүн жөнөтө тургандыгын билдиришкен. 

"Кечээ аларды жети жарымга чейин күттүк, бирок эч ким келген жок. Бизди таптакыр эле тоотпой жатышат, ТИМ аркылуу байланышып, чыгымды төлөп беребиз дешкен. Бир жума өттү, бирок кечирим да сурап коюшкан жок. Алар шаардык Жол кайгуул кызматы аркылуу байланышып, ишти жабууга аракет кылып жатышат. Биз дүрбөлөң көтөрбөйлү дегенбиз, бирок бизди теңине албагандарына жинибиз келип, ЖМК аркылуу кайрылууга мажбур болдук", — деди Эгинбаева.

Аларды артынан келип сүзгөндүктөн, жабырлануучулардын автоунаасындагы видеокаттоо кырсык болгон учурду тартып алган эмес.

Эгинбаева окуя болгон учурда тартып калган айдоочуларды, ошондой эле ал жактагы имараттарда орнотулган видеокөзөмөлдөргө тартылып калган видео болсо берүүнү суранат.

АКШ элчилигинен дем алыш күндөрү түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0