Сузак районунда жүргөн көчкү 5 үйдү басып, 6 киши каза болду

© Фото / МЧС КРЧисло погибших под оползнем в Кыржоле достигло 6 человек
Число погибших под оползнем в Кыржоле достигло 6 человек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-майдан 24-майга караган түнү саат экилерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айлында Жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам көчкүнүн астында калган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Сузак районунда жүргөн көчкү 5 үйдү басып, 6 киши каза болду. Каза болгон кишилердин сөөгү жерге берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

23-майдан 24-майга караган түнү саат экилерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айлында Жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам көчкүнүн астында калган.

Сузактагы жер көчкүнүн кесепети: каза болгондор, күйүтүнө чыдабай ыйлагандар
Андан сырткары жабыркаган 12 жаран райондук ооруканага жеткирилип, алардын жетөөсүнө медициналык жардам көрсөтүлдү.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана анын орун басары Равшан Рысбаев жетекчилигинде 7 адамдан турган ыкчам топ түзүлдү.

Учурда жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча керектүү техника тартылып, тазалоо иштери аткарылууда.

Кырдаал болгон жерде байланышты камсыздоо үчүн Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан көчмө ыкчам башкаруу түйүнү жерде иш алып барууда.

Жабаркаган 5 турак үйгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10 орундук 10 даана чатыр жана убактылуу турмуш-тиричилик буюмдар менен камзылдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0