ӨКМ Кыр-Жол айылынын тургундарын тез арада коопсуз жайга көчүрүүнү эскертет

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-майдан 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыр-Жол айылында түшкөн жер көчкү 5 үйдү басып, алты киши каза болгон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин аталган аймак жашоочулар үчүн кооптуу экенин айтып, калкты коопсуз жайга көчүрүүнү эскерткен. Бирок ушул кезге чейин кооптуу аймакта жашап жаткан Кыр-Жол айылынын тургундарын көчүрүү аракеттери көрүлбөгөндүктөн, Ырыс айыл аймагынын башчысына дагы бир жолу эскертүү берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

23-майдан 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыр-Жол айылында түшкөн жер көчкү 5 үйдү басып, алты киши каза болгон. Алар: 20 жаштагы Кенжебай кызы Эльнура, 5 жаштагы Каныбек уулу Мирлан, 6 жаштагы Каныбек кызы Зарина, 59 жаштагы Аттокур Алимбетов, 57 жаштагы Жамила Сейдалиева жана үч жаштагы Калыс уулу Нуржигит. Каза болгондордун сөөгү 24-майда жерге берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 12 адам "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген. Андан сырткары, 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жердеги издөө-куткаруу иш-чараларына жеринде түздөн-түз жетекчилик кылды. Өзүнчө куткаруу отрядынан 32 куткаруучу барып, жер көчкүнүн астында каза болгондорду издөө иштерин жүргүзүп, алардын сөөктөрүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жер көчкүдөн жабыркагандарга ӨКМ тарабынан күнүмдүк керектелүүчү бардык каражаттар жеткирилип, техникалар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0