Сузакта жер көчкүдөн жабыр тарткандар менен иштөөгө психологдор даяр

© Фото / МЧС КРСузакта жер көчкүдөн жабыр тарткандар. Архив
Сузакта жер көчкүдөн жабыр тарткандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-майдан 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыр-Жол айылында түшкөн жер көчкүдөн жабыркап, ооруканага жаткырылгандардын абалы жакшы. Керектүү дары-дармектер жетиштүү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыр-Жол айылында түшкөн жер көчкүдөн жабыркагандар менен, эгер талап кылынса, психологдор иштей турганын Саламаттык сактоо минисрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Миянов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын абалы жакшы. Керектүү дары-дармектер жетиштүү.

"Ооруканага сынык менен түшкөндөр жок. Алардын эттери жанчылып, дене-башы көгөрүп калган", — деди ал.

23-майдан 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыржол айылында түшкөн жер көчкү 5 үйдү басып, алты киши каза болгон. Алар: 20 жаштагы Кенжебай кызы Эльнура, 5 жаштагы Каныбек уулу Мирлан, 6 жаштагы Каныбек кызы Зарина, 59 жаштагы Аттокур Алимбетов, 57 жаштагы Жамила Сейдалиева жана үч жашар Калыс уулу Нуржигит. Каза болгондордун сөөгү 24-майда жерге берилди.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 12 адам "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген. Андан сырткары, 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0