БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектеги темир жолдон тепловоз менен трактордун кагышуусу териштирилип жатканын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.
Аталган кырсык Фатьянов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо болгон. Трактордун айдоочусунун көкүрөк клеткасы жабыркап, мээси чайкалган. Аны №4 шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Тепловоз менен трактор алардын мекемесине таандык экенин мамлекеттик ишкана тастыктады.
"Териштирүү жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы иликтенип келтирилген чыгым эсептелүүдө", — деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.
Трактордун айдоочусу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын айдоочусу болгон-болбогонун мекемеден такташкан жок.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден коронавирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан бир кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 566га жетти.
ОШ, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Ушул жылдын 6-апрель күнү Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Жабыркаган кыздын энеси Instagram баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.
Ал беш жашар кызын Ош шаарындагы "Жасмин" балдар бакчасында 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери сабап, денесине залал келтиргендиги тууралуу жазып, кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.
Аталган арыз Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, бала бакчанын кызматкерлери суралган.
Кыздын алган жараатын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Бала бакчанын күнөөлөнүп жаткан кызматкери бөбөккө кол көтөрбөгөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милициядан учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.