Жол кайгуул кызматынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
20 миң сом пара алып жаткан Жол кайгуул кызматынын ага инспекору кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы шаардык Жол кайгуул кызматынын инспекторун пара алып аткан жеринен кармагынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек прокуратурасы жана ИИМдин жеке коопсуздук башкармалыгы биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүп, 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын ага инспекорун кармаган.

"Жол кайгуул кызматынын кызматкери жол кырсыгына себепчи болгон жарандын ишин сотко жибербейм деп 20 миң сом талап кылган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалган инспекторго карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ал Бишкек ИИББдин убактылуу кармоо жайына камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0