Москвада катталган жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза болду

© Фото / пресс-службы УМВД по Псковской областиАвтоунаалар кагышы. Архив
Автоунаалар кагышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киев кан жолунун 22-чакырымында "Тойота", "Хюндай" жана ВАЗ-2114 автоунаалары кагышып, үч киши каза болду.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Жаңы Москва аймагында катталган жол кырсыгынан үч киши каза болуп, беш киши түрдүү оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилгенин Москва шаарынын Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч машина кагышып, бирөө ала салып кеткен.

"1-июнга караган түнү Киев кан жолунун 22-чакырымында Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган "Тойота-Алпарт" автоунаасын башкарып бараткан 1992-жылкы жаран жолдун каршы тарабында келе жаткан "Хюндай" автомашинасын кагып, ала салып кеткен. Жолдун каршы тарабынан келе жаткан ВАЗ-2114 машинасы "Хюндай" автоунаасын сүзгөн", — деп айтылат полициянын маалыматында.

Жол кырсыгынын кесепетинен "Тойотанын" айдоочусу жана анын ичиндеги эки жүргүнчү аял окуя болгон жерден каза болуп, үч аял жана бир эркек киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле "Хюндай" автомашинасынын айдоочусу да ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0