Өзбекстандык жаран мекенинде сатууну көздөп, Кыргызстанда кара куурай айдаган

© Sputnik / Сергей Титов / Медиабанкка өтүүКара куурай. Архив
Кара куурай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абаддын Аксы районундагы Чаласарт аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасын бойлой 200 метр узундукта чек арачылар кара куурайдын өстүрүлгөн 14 түбүн табышты.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Өзбекстандык жаран мекенинде соодалайм деген максатта Кыргызстанда кара куурай айдагандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төшөктөрдүн алдына жашынган тажик жаранын чек арачылар кармады
Жалал-Абаддын Аксы районундагы Чаласарт аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасына байкоо салып жүргөн чек арачылар 200 метр жерге айдалган кара куурайдын өстүрүлгөн 14 түбүн табышты. Аталган баңгизаты көздөн далдаа жерде, капчыгайда айдалган. Чек арачылар ал аймакты бир нече күн байкоого алып, келип-кетип, өстүрүп жүргөн кишини кара куурайды сугарып жатканда кармашкан. 

Ал Өзбекстандын Наманган облусунун Нанай айылынын тургуну болуп чыкты, бирок жанынан ким экендигин тастыктаган документтер табылган жок. 

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган киши УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0