Полиция: кыргызстандыктар катышкан жол кырсыктан жабыркагандардын абалы оор

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам берүү автоунаасы. Архив
Тез жардам берүү автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарынын Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы буга чейин маалымдагандай, Москванын баштышында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын үч жараны каза болгон.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Москванын батышында болгон жол кырсыгынан жабыр тарткандардын абалы оор экенин Москва шаарынын Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынын өкүлү Олеся Грачева Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Москва шаарынын Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы буга чейин маалымдагандай, Москванын баштышында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын үч жараны каза болгон. Жол кырсыгы 1-июнга караган түнү Жаңы Москва аймагында катталган.

Грачеванын айтымында, жол кырсыгынан жабыр тарткан беш жарандын абалы оор.

"Жабыр тарткандарды Москвадагы Биринчи шаардык клиникалык ооруканага, Он жетинчи шаардык клиникага жана Боткин атындагы ооруканага алып келишкен", — деди ал.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада жол кырсыктан каза болгондор боюнча маалыматты элчилик тактоодо
Жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгына үч машина кагышкан. Алар: ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа, "Хюндай" автожүктөгүчү жана "Тойота" маркасындагы кичи автобуз. Жол кырсыгынын кесепетинен "Тойота" машинасы ала салып кеткен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, "Тойотада" Кыргызстандын жарандары бара жаткан.

Грачеванын айтымында, "Тойотадагы" жети кишинин үчөө окуя болгон жерде каза болуп, төртөө жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0