Умырзаков Мурсамлы Узакович Карышкыр деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Архив

Криминалдык авторитет "Карышкыр" Москвада кармалды

536
(жаңыланган 12:44 02.06.2015)
Аны кармоо учурунда жанынан курал жана нашаа табылган.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. "Карышкыр" каймана аты менен таанымал болгон криминалдык авторитет Москва шаарында кармалганын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Колго түшкөн Карышкыр күч органдарынын суроолоруна жооп берүүдө
предоставлено пресс-службой посольства КР в РФ
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча болжол менен кечки саат 6.20лар чамасында РФ ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте болгон ыкчам аракеттеринин жүрүшүндө "Строймастер" курулуш базарынын аймагынан төмөндөгүлөр кармалды:

Өмүрзаков Мурсалим Узакович, 06.04.1975-жылы туулган. Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылында туулган. Буга чейин бир нече жолу соттолгон, "Карышкыр" деген каймана аты менен таанымал, мыйзамдагы ууру. Аны кармоо учурунда курал-жарак жана 31,6 граммдык нашаа табылган.

  • Макаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
    Макаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
    предоставлено пресс-службой посольства КР в РФ
  • Кармалган жарандардын автоунаасы.
    Кармалган жарандардын автоунаасы.
    предоставлено пресс-службой посольства КР в РФ
1 / 2
предоставлено пресс-службой посольства КР в РФ
Макаилов Мирлан Эрмаматович Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Макаилов Мирлан Эрмаматович 19.05.1984-жылы туулган. Жалал-Абад шаарында туулган, Россиянын жараны, буга чейин соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү боюнча айыпталып мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кармалган жарандар камакка алынды.

536
Белгилер:
криминал, Ички иштер министрлиги, Россия
Тема боюнча
Анапияевдин өлүмүнө байланышкан кылмыштын бетин Белоруссия жакын арада ачышы мүмкүн
Алмамбет Анапияевдин сөөгү бүгүн өз мекенинде жерге коюлат
Издөөдө жүргөн криминалдык авторитет "Дженго" кармалды
"Карышкыр" эркиндикке чыкты
Пикирлер