Тыгын Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.

Бишкектеги бир чакырымга созулган эртең мененки автотыгын

196
(жаңыланган 12:44 04.06.2015)
Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Кыргызстандын борборунда бейшемби күнү эртең менен бир чакырымга созулган автотыгын катталганын шаардыктар билдиришти.

Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.

Бишкек ШИИБ Жол-кайгуул кызматы айтылгандарды тастыктады.

"Автотыгындын болушуна айдоочулар күнөөлүү – айрымдары жолдун карама-каршысына чыгып алса, кээси жол эрежелерин бузушкан", — дейт Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын өкүлү Атыр Бекмурзаева.

Учурда Жол кайгуул кызматы трассадагы абалды жөнгө салууда.

196
Белгилер:
жол, Жол кайгуул кызматы, Атыр Бекмурзаева, Бишкек
Тема боюнча
Ала-Тоо аянтынан жол эрежесин бузган дипломатиялык автоунаанын айдоочусу жумуштан алынды
Оң рулдуу автоунааларды каттоо акыркы кардарга чейин жүргүзүлөт
Оң рулдуу автоунаалардын каттоо мөөнөтүн алып салуу сунушталууда
Пикирлер