Санкт-Петербург — Бишкек марафонуна катышкан байкер марага 100 чакырым жетпей каза болду

© Sputnik / Миранский / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург — Бишкек марафонуна катышкан байкер марага 100 чакырым жетпей каза болду
Санкт-Петербург — Бишкек марафонуна катышкан байкер марага 100 чакырым жетпей каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-майда Санкт-Петербургда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап уюшулган "Эстеликтин түбөлүк оту" деп аталган марафон башталган. Байкерлер мурдагы Советтер Союзунун борборлору жана каарман даңкка ээ шаарлар аркылуу 9 миң чакырым арылыкты басып өтүүнү пландашкан эле.

БИШКЕК, 4 июн — Sputnik. "Эстеликтин түбөлүк оту" мотожүрүшүнүн катышуучусу марафондун акыркы чекити болгон Бишкекти карай жолдо марага 100 чакырым калганда кырсыктан каза тапкандыгы туурасында Кыргыз географиялык коомунун жетекчиси Саламат Аламанов билдирди.

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары Жеңиштин 70 жылдыгын ар башка кылып белгилешти
8-майда Санкт-Петербургда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап уюшулган "Эстеликтин түбөлүк оту" деп аталган марафон башталган. Байкерлер мурдагы Советтер Союзунун борборлору жана каарман даңкка ээ шаарлар аркылуу 9 миң чакырым арылыкты басып өтүүнү пландашкан эле.

Мотожүрүштүн багыты: Санкт-Петербург — Таллин — Рига — Вильнюс — Брест — Минск — Волгоград — Грозный — Тбилиси — Ереван — Баку — Ашхабад — Душанбе — Ташкент — Алматы — Бишкек.

Жүрүштүн координатоу Наталья Бочкованын айтымында, өлүмгө алып келген кырсык бейшемби күнү эртең менен эрте Кордай айылында (Казакстан) болду.

"Даниил Торопов унааны башкара албай калып, каза болду. Биз үчүн бул эч бир күтүүсүз окуя. Жолдошубуздун өлүмүнө байланыштуу процедуралардан өтүү үчүн биз Алматыга кайтабыз", — деди уюштуруучу.

Акциянын катышуучулары жүрүштү аягына чыгарууну чечишкенин кошумчалады Бочкова.

Аламанов жергиликтүү коомчулук Тороповдун өлүмүнө катуу кайгырышканын билдирди.

"Биз алардын келишин бир айдан бери күтүп жатканбыз. Биз үчүн бул чоң кайгы, сөз айтуу кыйын болуп турат", — деди коомдун жетекчиси.

37 жаштагы Даниил Торопов Россиянын жараны болчу, Санкт-Петербургда анын жубайы калды.

Тороповдон башка "Эстеликтин түбөлүк оту" марафонуна Михаил Бархатов — жетекчиси, Вячеслав Еремеев жана Наталья Бочкова катышып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0