Бишкек шаарынын мэриясы. Архив

Исаматова: Бишкек мэриясынын кызматкери 14 жаштагы баламды ичке тээп жиберди

210
(жаңыланган 10:23 05.06.2015)
Исаматованын айтымында, 2-июнда болуп өткөн окуяга базардагы кулпунайдын сатылышы себеп болгон.

БИШКЕК, 4 июн — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкери Эркин Бахтияров 14 жаштагы өспүрүмдү ичке тээп жибергенин Sputnik агенттигине Бишкектин жашоочусу, баланын энеси Назира Исаматова билдирди.

Анын айтымында, окуя 2-июнь күнү болжол менен кечки саат 17.00дө "Чыгыш-5" кичирайонундагы "Изумруд" дүкөнүнүн жанында болгон.

"Биз кулпунай сатып жатканбыз. Ал жерде бизден башка дагы сатуучулар бар болчу. Мага уулум жардам берип жаткан. Мэрия кызматкери келип, бул жерде соода кылууга болбой турганын айтты. Таразага койгон колун алыңыз деп айтсам, ал тескерисинче, ого бетер басып таразаны сындырып салды. Кулпунайды таразага тартпай көз өлчөм менен сатканым анын ого бетер жинин келтирди", — дейт Исаматова.

Соодагер кардарды тейлеп бүткүчө мэрия кызматкерин күтүп туруусун суранган, бирок ал макул болгон эмес. Таразаны талкалагандан кийин, Исаматованын баласын ичке тээп жиберген.

Баланын энеси Свердлов РИИБ арыз менен кайрылган. 14 жаштагы бала сот-медэкспертизадан өттү. Исаматова мэрия кызматкеринин аты-жөнүн ошол жерден билген. Кол салды деген доо менен Эркин Бахтияров да арыз жазган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

210
Белгилер:
базар, Бишкек мэриясы, Эркин Бахтияров, Назира Исаматова
Тема боюнча
Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы пикет өтүп жатат
Бишкектин вице-мэри: квартираларда бордель болбошу керек
Мэриядагы башкармалыктын жетекчиси Өмүралиев отставкага кетти
Пикирлер