Асфальтта сүрөт тарткан бала. Архив

Балдардын акчасын айылдык кеңештин башчысы тартып алды

55
(жаңыланган 10:13 05.06.2015)
Ничке-Сай айылдык кеңешинде балдардын социалдык долбоору үчүн каралган каражат башка максаттарга пайдаланылып кеткен.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Ничке-Сай айылдык кеңешинин башчысы жана жооптуу кызматкери балдарга арналган акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышканын Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар документтерди жасалмалоо аркылуу "Аялдарды жана балдарды коргоо" долбоору үчүн каралган каражаттан 66 миң сом өзүлөрүнө ыйгарып алышкан.

Бул боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же чыгымдоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Аталган айылдык кеңештердин өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

55
Белгилер:
кылмыш иши, акча, Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы, Ничке-Сай, Жалал-Абад
Тема боюнча
Онкологиялык бейтаптарга жардам берүү фонду: уурдалган акча эч кимге бакыт алып келбейт
Адамдарды уурдоого шектелген жаран кармалды
Кыргызстанда кайрадан мыйзамсыз лотерея оюну өттү
Пикирлер