Ысык-Көлдө мыйзамсыз иш алып барган чет элдик жарандар кармалды

Жазылуу
Аныкталган фактылар боюнча административдик укук бузуу актылары түзүлүп, тийиштүү чараларды көрүү максатында Ысык-Көл ОИИБге жиберилди.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. УКМК Ысык-Көлдө мыйзамсыз иш алып барган чет элдик жарандарды аныктаганын комитеттин маалымат кызматы билдирет.

Ири масштабдуу текшерүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн 39 чет элдик жаран ачыкталган. 

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Свердлов РИИБи 8 чет элдик жаранды Кыргызстандан чыгарган
11-29-май күндөрү УКМК ИИМ, Мамлекеттик жол кайгуул кызматы жана Эмгек министрлиги менен биргеликте Ысык-Көл облусунда кылмыштардын алдын алуу максатында "Нелегал-2015" операциясын өткөрдү. 

Текшерүү учурунда Ысык-Көл облусуда мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн 39 чет элдик жаран аныкталды.

Мындан тышкары, "Каркыра Автодорожный" көзөмөл пунктунан жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган 1989-жылкы жаран кармалды.

Аталган окуяга карата УКМК Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 346-беренесинин (Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде кылмыш иши козголду. 

Аныкталган фактылар боюнча административдик укук бузуу актылары түзүлүп, тийиштүү чараларды көрүү максатында Ысык-Көл ОИИБге жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0