Виза жасоодон табылган акчанын "ээлери" камакка алынды

Жазылуу
Алдамчылыкка шектелген жаран виза жасоодон 300 миң доллар пайда көргөн.

БИШКЕК, 6-июнь — Sputnik. АКШга виза алып берем деп алдап, 50 адамдан 300 миң доллар чогултуп алган аялдын шериктери кармалганын Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин Америкага тез арада виза ачып берем деп 50дөн ашуун адамды алдап кеткен аял кармалаганы тууралуу кабарланган. Алдамчылыкка шектелген жаран мындан 300 миң доллар пайда көргөн.

Бирок тергөөчүнүн өтүнүчүнө, кылмыш аракеттеринин санына жана жарандарга келтирилген зыяндын көлөмүнө карабай, Октябрь районунун соту айыпталуучуну үй камагына алуу чечимин чыгарган. 

© пресс-служба ГУВД г.БишкекАлдамчылыкка шектелген аял.
1/3
Алдамчылыкка шектелген аял.
© пресс-служба ГУВД г.БишкекАлдамчылыкка шектелген аял.
2/3
Алдамчылыкка шектелген аял.
© пресс-служба ГУВД г.Бишкек Алдамчылыкка шектелген аял.
3/3
Алдамчылыкка шектелген аял.
1/3
Алдамчылыкка шектелген аял.
2/3
Алдамчылыкка шектелген аял.
3/3
Алдамчылыкка шектелген аял.

2-июнда Октябрь РИИБ кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын учурунда аялдын дагы үч шериги кармалды. Учурда алдамчылыкка шектелген төртөө тең №1 СИЗОго камакка алынды. 

Бүгүнкү күндө кылмыш иши Бишкек ШИИБ өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0