Сокулуктук пенсионерлерди почточулар 400 миң сомго алдап кетишти

Жазылуу
Сокулук районун прокуратурасы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери катышты делген ишти териштирип жатат. Шопоков шаарындагы 76 пенсионерге 2015-жылдын апрель, май айларындагы акчасы берилбей калган.

БИШКЕК, 7-июнь — Sputnik. Сокулук районун Шопоков шаарындагы №36-08 почтасынын кызматкерлери быйылкы жылдын апрель, май айларында 76 пенсионерге каралган акчаны өздөрү алып алышкандыгы туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рак менен ооруган балдарга чогултулган кайрымдуулук акчасын уурдап кетишти
Териштирүү учурунда аталган шаарчадагы №36-08 почтанын кызматкерлери Сокулук районунун Социалдык фонду менен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын ортосундагы келишимдин шарттарын бузган. Натыйжада мамлекеттик ишкананын райондук филиалы жөнөткөн 403,5 миң сомду менчиктеп алышкан. 

Аталган почтанын кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн убакыт үчүн жалган документалдык отчет беришкен. 

"Отчетто акча 76 пенсионерге төлөнүп берилген деп көрсөтүлгөн. Муну менен почтачылар Социалдык фонддун Сокулук райондук башкармалыгынын пенсиялык төлөмдөр боюнча бөлүмүн адаштырып кетишкен", — деп билдирген аталган маалымат кызматынан. 

Бул факты боюнча Сокулук райондук прокуратурасы Кылмыш Кодексинин 315-берене жана 171-берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратура учурда тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0