Таласта унаа кырсыгынан бир адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаанын ички салону. Архив
Автоунаанын ички салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар келип жабыркагандарды унаадан чыгарып, жардам көрсөтүшкөн.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Талас облусунун Кырк-Казык айылында 8-июнга караган түнү саат 00.55те "Ауди С4" үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп алган деп билдирет ӨКМ маалымат кызматы. 

Кырсык кесепетинен бир адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип жабыркагандарды унаадан чыгарып, жардам көрсөтүшкөн. Каза болгон адамдын сөөгү өлүкканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0